Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)

Центрально-Азиатский Институт прикладных Исследований Земли (ЦАИИЗ)
Central-Asian Institute for Applied Geosciences (CAIAG)

Президенттик администрациянын Кырдаал борборунун кызматкерлери БАЖПИИнин ишмердүүлүгү менен таанышты

2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациянын Кырдаал борборунун директору Азат Эмилбекович Ибраимов жетектеген кызматкерлеринин тобу Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтуна келишти.

Алар институттун бөлүмдөрүн кыдырып, геомаалыматтык тутумдун, аралыктан байкаштыруунун жүрүшү менен таанышып, көзөмөл жүргүзүү жана маалыматтарды сактоо үчүн жабдыктарды көрүштү.

2512261 2512262

БАЖПИИнин директору Болот Дүйшөналиевич Молдобеков илимий изилдөө долбоорлорунун багыттары жана билим берүү программалары тууралуу таанытым баян тартуулады.

2512263 2512264

Бөлүм башчылары геодинамиканы, климатты жана мөңгүлөрдү байкоону өлчөө, табият кырсыктарын алдын алуу, айлана-чөйрөнү жана ресурстарды коргоо үчүн маалымат чогултуу жана алмашуу, техникалык жабдуу, эл аралык кызматташтыкты чыңдап жаткан долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кеп салышты.

2512266 2512267

Жолугушуунун натыйжасында тараптар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талдоо жана экономикалык программа түзүү үчүн колдонуу тууралуу пикир алмашышты.

2512268

 logo real

Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институту

Кыргыз Республикасы
720027 Бишкек
Тимур Фрунзе көчөсү 73/2


Байланыш
Сайттын картасы
Байланышта болуңуз

+996 312 555111
+996 312 555222
caiag@caiag.kg