К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин өкүлдөрүнүн менен жолугушуусу.

 

2023-жылдын 31-мартында БАЖПИИде Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин өкүлдөрү, декандын орун басары К.Өмүрзаков, А.Кенжебаева жана Ж.Баялиева менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө БАЖПИИнин содиректору Б.Молдобеков жалпысынан БАЖПИИнин ишмердүүлүгү тууралуу жалпы маалымат берди. БАЖПИИде таанышуу сапарын өткөрдү. БАЖПИИ менен биргелешкен ишинин келечеги жана кызматташуу жана маалымат алмашуу боюнча меморандумга кол коюу талкууланды. Университеттин өкүлдөрү БАЖПИИнин ишмердүүлүгүн жогору баалап, мындан ары БАЖПИИ менен кызматташуусу жөнүндө ниетин билдиришти.