Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен онлайн жолугушуу

2023-жылы 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Текебаев Өмүрбек Чиркешович менен онлайн жолугушуу болуп өттү.

БАЖПИИнин Содиректору Молдобеков Болот элчи менен Германиянын Федералдык Тышкы иштер министрлигинин демилгеси боюнча "Жашыл Борбор Азия" долбоорун талкуулады.

Тараптар долбоордун маанилүүлүгүн белгилешип, демилге алкагында кызматташууну мындан кийин да улантуу ниетин билдиришти.

Бул демилге Германиянын тышкы саясатынын багытына "климат жана коопсуздук" Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында көмөк көрсөтөт жана ТӨМ 6 (таза суу жана санитария),

ТӨМ 13 (климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү) жана ТӨМ 15 (кургактыктын экосистемасын сактоо) ишке ашырылышын колдойт.