GFZ адистери менен жолугушуу

2022-жылдын 11-августунда БАЖПИИ (Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институту) GFZ (Германиянын Постдамдагы Жер изилдөө  борбору) адистерин Проф. Тейлор Шилдген, доктор Аполлин Мариотти жана Андреас Руби институтта кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө БАЖПИИнин бардык ишмердүүлүгү тааныштырылды жана БАЖПИИнин негизги жетишкендиктери көрсөтүлдү. GyroScope 2022 долбоорун ишке ашыруунун инициализациясы каралып, талкууланып, БАЖПИИ жана башка өнөктөштөр тарабынан жаратылыш ресурстарын алдын алуу жана Кыргызстандын климаттык шарттарын изилдөө жаатындагы ар кандай долбоордук иштер боюнча тажрыйба алмашуу жана пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун мындан аркы перспективалары жана алдыдагы долбоорлордо биргелешип иштөө каралып, талкууланды.

20220811_094253.jpg20220811_095905.jpg