Ханс Ульрих Ветцель мезгилсиз дүйнө салды.

Мезгилсиз дүйнө салган Ханс Ульрих Ветцельдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.

   Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институту мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Ханс Ульрих Ветцельдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Х. У. Ветцель БАЖПИИнин негизделишинин жана өнүгүшүнүн башында турган инсан. Анын жардамы менен бийик тоолуу Г. Мерцбахер атындагы обсерватория ачылган. Х. У. Ветцель биздин институттун өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон.
Илимий дүйнө кечирген чоң жоготууга биз абдан кайгырып жатабыз.
Ал биздин кесиптеш, насаатчы жана жакшы дос болчу!