ЕККУнун кеңсесинин делегациясы БАЖПИИге келди

2026-жылдын 9-июнунда элчи д-р Волкер Фробарт жетектеген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин делегациясы Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳлөр институтуна келди.
БАЖПИИнин содиректору Болот Молдобеков меймандарды институттун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, анын тарыхын, негизги иш багыттарын жана жетишилген натыйжалары тууралуу сөз кылды.
«Мониторинг тутумдары жана маалыматтарды башкаруу» бөлүмүнүн башчысы Александр Зубович институттун адистери иштеп чыккан маалыматтык тутумдарды көрсөтүп, алардын табигый жараяндарды көзөмөлдөө, тобокелдиктерди эрте эскертүү жана токой менен суу ресурстарын туруктуу башкаруу үчүн иш жүзүндө колдонууусу жөнүндө айтып берди.
Жолугушуу учурунда тараптар учурда жасалып жаткан жумуштар боюнча маалымат алмашып, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуу мүмкүнчүктөрүн талкуулашты.