БАЖПИИ венгр кесиптештери менен кызматташууну кеңейтет
2026-жылдын 11-мартында Бишкектеги Венгрия элчилигинин маданият жана билим берүү боюнча дипломаты Беата Фал Борбордук Азия Жерди прикладдык изилдөө институтуна келди.
Бөлүм башчылары ишмердүүлүгү жана долбоорлордун жыйынтыктары, анын ичинде ушул жерде иштелип чыккан сейсмикалык тобокелдиктерди байкоо үчүн жана мөңгүлөр менен суу ресурстары тууралуу берилмелерди топтоочу маалымат тутумдары жөнүндө жана эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берип, БАЖПИИнин инфратүзүмү менен тааныштырышты.

Дипломат Беата Фал Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы илим жана билим берүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө элчиликтин салымы жөнүндө маалымдады.

Тараптар венгр географынын Кыргызстандагы изилдөөлөрүнүн басылмаларын тартуулоо демилгесин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жана эки өлкөнүн окумуштууларынын кесиптик өнөктөштүктүн башка түрлөрүн талкуулашты.
Беата Фал институтка кыргыз, орус жана англис тилдериндеги китептерди белек кылды.