БАЖПИИ бөлүм башчысы Рыскул Усубалиев мөңгүлөрдүн деградациясы тууралуу конок лекция окуду

12-декабрда Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун “Климат, суу жана геоэкология” бөлүмүнүн башчысы Рыскул Абдыжакыпович Усубалиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине "Климаттын өзгөрүшүнүн шартында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн деградациясы" аталышындагы лекция окуду.

Рыскул Абдыжакыпович мөңгүлөрдүн эриши глобалдык экологиялык көйгөй катары видеотасма көрсөтүп, мөңгүлөрдүн деградациясынын Борбордук Азиянын экологиясына тийгизген таасири тууралуу баяндап берди.

20251212knu 3 20251212knu 6

 20251212knu 7

Рыскул Абдыжакыповичке КУУнун ректорунун атынан ыраазычылык кат тапшырылып, ал эми лекцияны угушкан студенттер жана окутуучуларга БАЖПИИден катышуучу сертификаттары берилди.

20251212knu 8 20251212knu 9